Бабалардын баяны 2

Бабалардын баяны 2

Кадыр Абакиров

Описание

Кыргыз элинин бай тарыхы жана санжырасы К. Абакировдун "Бабалардын баяны 2" китебинде кызыктуу түрдө баяндалат. Ырыскандан тартып, Чынгыз хан дооруна, Тагай бий, Төрөкочкор, Беккулу, Бүтөбай, Щоңко, Уралы жана Баястан аталардын баяны кеңири жазылган. Китеп балдардын тили менен жазылганы үчүн окуучулар үчүн кызыктуу жана түшүнүктүү. Бул чыгарма аркылуу кыргыз элинин санжырасын иликтеп, байыркы ата-бабаларыбыздын тарыхын тереңирээк билсе болот. Автордун мурда жарык көргөн жомоктору, ырлары жана афоризмдери да китепте камтылган.

<p>Кадыр Абакиров</p><p>Бабалардын баяны 2</p>

БУЛ КИТЕП ЖӨНҮНДӨ ОЙ

Өзүңүн жазган китебиң жөнүндө сөз жазуу өтө оор. Эмнеден баштарыңы билбейсиң. Бирок китебиң чыгып жаткандан кийин баяндама сөз да болуу керек эмеспи. Китеп кантип жазылды, эмне үчүн жарыкка чыгыш керек, ал китеп кимге керек? Жана башка суроолор туулушу мүмкүн. Көп эле китепти окугам алардын баяндама сөзүн башка бирөөлөр жазып беришкен эле. Окуучулар ал китепти окуш үчүн чылгый мактоолор менен коштолуп жүрүп отурат. Окуган адамга кандайдыр бир рухий дух бериш керек. Сени кайратка, бөлөп, жан-дүйнөңү көкөлөтүп бийик абалда алып жүрүш зарыл окшойт. Ошондо сенин жазган чыгармаңын ийгиликтүү болгону, мээнетиңдин кайтканы билинип турат. Бирок бир нерсе бар. Ал окуучунун окуучулук табитине, деңгелине байланыштуу болот. Мисалы үчүн баардык эле окуучулар улуу акын, жазуучуларыбыздын чыгармаларын толук түшүнөт деген ойдон алысмын. Мисалы жогорку филология окуу жайын бүткөргөндөр А. Осмоновдун же Ч. Айтматовдун, Ф. Достоевскийдин чыгармаларын толук жеткиликтүү түрдө түшүнөт деген ойду ойлогум келбейт. Алардын чыгармасын түшүнүш үчүн окуучулук бийиктик деңгеел билим керек. Баардык эле окуучулар Алыкулдун ырларын толук түшүнө берет деген такилипти айта албайм. Анын ырларынан ар бир окуучу ар башкача эргүү алат. Мен бул жерде окуучунун чыгармачылык даремети жөнүндө сөз козгодум. Анын даремети канчалык жогору болсо, окуган чыгарманын ошончолук сиңимдүү сынчыл көз карашта болоору талашсыз нерсе. Көп адамдар караандай турмуш менен алектенип жүрүп китеп окууну таштады, Ал адамда эч бир окуучулук бийиктик болбойт. Өмүрүндө карандай турмуш менен алышып жүрүп, бир китеп окубаган адамдар толуп эле жатат. Аларда кайдагы окуучулук сыпат, битйиктик болмок эле.

Эми кепти бул китеп жөнүндө айтайын. Биз совет учурунда төрөлүп ошонун тарбиясынын негизинде чоңойдук. Ал учурда ата -бабанын санжырасы, же ислам дини жөнүндө эч бир түшүнүгүбүз болгон эмес. «Дин бул- адамдын башын айланткан апийим» деген таризде чоңойдук. Же болбосо ислам дининин төгүнгө чыгарган атеизим деген окуу болгон. Совет доору урады. Ата бабанын санжырасы кайтып келди.Мурун санжыра ацткан кишилерди өзүмчүл адам дечүбүз. . Ал эми куран окуп, намаз кармаган адамда түшүнүгү жок эски адамдар деп эсептеер элек. Чындыгында андай деле эмес экен. Ата бабанын санжырасын билип алсаң, ал деле сага жаман болбойт тура. Ислам дини менен жүрсөң тарбияң жакшы болуп, жаман ишке барбайт экенсиң. Бул жерде мен эмне үчүн санжыра керектигин кыскача баяндадым.

Похожие книги

Илья Муромец

Александр Сергеевич Королев, Коллектив авторов

Илья Муромец, заточенный в темнице, неожиданно оказывается втянутым в борьбу за судьбу Руси. Новое вторжение кочевников угрожает Киеву, и только мужество и сила богатыря могут спасти древнюю землю. Иван Кошкин мастерски переплетает исторические события с элементами фантастики, создавая увлекательный мир русских богатырей, их страстей и незабываемых приключений. Эта повесть – не просто пересказ былин, а новый взгляд на знакомые образы, наполненные драматизмом и неожиданными поворотами.

Василиса Прекрасная

Тереза Тур, Светлана Суббота

Время, как известно, лечит, но иногда и наносит неожиданные удары. Василиса, самоотверженная и решительная героиня, встречается с судьбой в нелегкой схватке, в которой ей предстоит не только преодолеть личные трудности, но и принять непростые решения, связанные с любовью и расставанием. В этом путешествии ей помогают подруга, верный друг, и внутренняя сила. История о том, как преодолеть трудности и найти себя в сложных жизненных обстоятельствах, вплетая в сюжет элементы современной жизни и отношений.

Медовый дождь

Николай Иванович Сладков

В этой книге собраны увлекательные рассказы и сказки о природе, о животных и растениях. Они написаны простым и доступным языком, что делает их идеальными для младшего школьного возраста. Читатели познакомятся с удивительным миром природы, узнают много интересного о лесах, полях, горах и морях, и их обитателях. Сказки и рассказы помогут детям развить воображение и любовь к окружающему миру.

Пограничье

Марина Михайловна Ли, Надежда Храмушина

В мире Пограничья, где царит загадочная атмосфера, Ингрид Хорт и Сонья Ингеборга Унольв, женщины с богатым жизненным опытом, сталкиваются с упрямым полуэльфом, желающим их покорить. Несмотря на скептицизм и прошлые разочарования, они вынуждены столкнуться с неизбежным. Роман, полный приключений, тайн и неожиданных поворотов, приглашает вас в мир, где любовь может оказаться не сказкой, а реальной возможностью изменить судьбу. В этом фэнтезийном романе переплетаются судьбы, раскрываются тайны, и читатель переживает не только за героев, но и за их судьбу. Приключения и магическое фэнтези создают неповторимую атмосферу истории.